• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Хостелдеги мушташ. Ташиев билдирүү жасады

18 Бугу 20249:51 Бишкек Govori.TV

18-майга караган түнү орун алган окуя боюнча УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирүү жасады.

УКМК башчысы Бишкекте түндө 700гө чукул жаштар топтолгонун, алар өлкөдөгү мыйзамсыз миграция менен күч органдары жакшыраак күрөшүүсүн талап кылганын айтты.

Ташиев түндөгү окуяда көпчүлүктүн арасында провокациялык аракеттерге барууга аракет кылгандар болгонун белгилеп, алар кармалганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 13-майда Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болгон. Окуянын видеосу 17-майда соцтармактарга тарап, коомчулукта талкуу жараткан.

18-майга караган түнү миңге адам окуя болгон хостелге топтолгон. Ага байланыштуу жерине милиция кызматкерлери тартылып, чогулгандарды таркаткан.

Количество просмотров: 305