Саламаттык сактоо министрлиги 18-майга караган түнү Бишкекте катталган окуядан кийин 29 адам ооруканага кайрылганын билдирди.
Маалыматка ылайык, жаракат алгандардын көбүнө жеринен жардам көрсөтүлгөн, алар өздөрү ооруканага жатуудан баш тартышкан. Бир нече адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жаткырылган.
«15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлдү. 18-майдын таңына карата Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап дарыланууда. Диагнозу: баш мээнин жабык травмасы, мээнин чайкалышы. Бейтаптардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Бир жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга кеткен.
12 жабырлануучу ар кандай жаракаттар менен Улуттук госпиталга жаткырылып, алардын 11и тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга чыгышты.
18-майда Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталдын Бет-жаак хирургиясы бөлүмүнө барып, жаак сөөгү сынган деген диагноз менен жаткырылган пакистандык жарандын ден соолугунун абалы менен таанышты. Бейтап операцияга даярдалып жатат. Министр Улуттук госпиталдын жетекчилигине жабырлануучуга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүүнү тапшырды», — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 13-майда Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташ болгон. Окуянын видеосу 17-майда соцтармактарга тарап, коомчулукта талкуу жараткан.
Бишкекте чет элдик жарандардын жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда болгон массалык мушташтан кийин үч чет өлкөлүк жаран кармалган.
18-майга караган түнү миңге адам окуя болгон хостелге топтолгон. Ага байланыштуу жерине милиция кызматкерлери тартылып, чогулгандарды таркаткан.