Бишкек шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» аянтынан 5 тонна таштанды тазаланды.
Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, тазалоо иштерине 5 атайын техника жана «Тазалык» муниципалдык мекемесинин 50 кызматкери чыккан.
Таштандыларды тазалоо иштери аянттан тышкары, Логвиненко көчөсүндө, Ак үйдүн айланасында, Панфилов паркында, Агропром имаратынын айланасында, Шопоков жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жүргүзүлгөн.