• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Тазалык» менен ыктыярчылар 20 тоннага жакын таштанды чогултушту

7 Тогуздун айы 2020 10:48 Бишкек Govori.TV

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жарандык активисттер, ыктыярчылар менен биргеликте 20 тоннага жакын таштанды чогултушту.

Кечээтен бери тазалыктар шаарды иретке келтирип жатышат. Сапта 661 тазалоочу, 122 жүктөгүч, 38 багбан иштеп, 55 атайын техника тартылган.

«Ушул убакытка чейин бизге жардам берип, таштандыларды тазалап, шыпырып, ысык тамак-аш жана суусундуктарды алып келишкен камкор шаардыктарга чын жүрөктөн ыраазычылыгыбызды билдиребиз,»-деп билдирди мекемеден.

Количество просмотров: 74