• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Боронов: Аймактар аралык коомдук транспорт токтотулат

20 Кулжа 2020 14:54 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов Бишкек шаары менен аймактар ортосундагы коомдук транспортторду токтотуу чечими кабыл алына турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июнда онлайн брифингде билдирди.

Бороновдун айтымында, аймактар аралык такси, жеке автоунаа жана жүк ташуучу унаалар толук кандуу ишин жургүзө берет.

«Өзүңүздөр билгендей коронавирустун тарашынын очогу Бишкек шаары, Чүй облусу, Ош шаары. Ушуга байланыштуу
Бишкек шаары менен аймактардын ортосундагы коомдук транспортторду токтотуу маселесине кайрылып жатабыз. Бишкекте чыгып жаткан ооруну аймактарга таратпоо керек. Ысык-Көл, Нарын, Талас облусунда абал туруктуу, ал жерлерге илдетти жайылтпашыбыз керек», — дейт Боронов.

Количество просмотров: 3542