• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Боронов: Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында ооруп жаткандар көп

30 Теке 2020 16:57 Бишкек Govori.TV

«Ар бир адамдын өмүрү биз үчүн баалуу, ал эми ар бир өлүм – бул трагедия жана жүрөктөгү жараат… Биз өлүмдүн санын азайтуу үчүн болгон күч-аркетибизди жумшашыбыз керек». — Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаал талкууланды.

«Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында ооруп жаткандардын көрсөткүчү жогору. Буга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү керек. Учурда жаңы ооруканаларды куруу жана өлкө аймактарында колдонулбай турган имараттардын багытын өзгөртүп, медициналык мекемеге ыңгайлаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ошол эле учурда эксплуатацияга бериле турган ооруканалар менен бейтапканаларды керектүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу боюнча жумуштарды жасоо зарыл. Алардын өз учурунда көрсөткөн көмөгүнөн бейтаптын кийинки ал-абалы жана таза айыгып чыгышы көз каранды. Мындан тышкары Дары-дармек менен камсыздоо департаменти үзгүлтүксүз негизде аймактардын, ар бир алыскы айылдын тийиштүү медикаменттер жана жабдуулар менен камсыздалышын көзөмөлдөшү зарыл. Тез жардам кызматы кайрылууларга өз учурунда көңүл бурушу керек, алар барбай жана көмөк көрсөтпөй калган учурлар болбошу керек», — деди Кубатбек Боронов.

Количество просмотров: 103