• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Боронов: Оор күндөр эстен чыкты, бат эле баарын унуттук

23 Аяк оона 202016:16 Бишкек Govori.TV

Айрым жарандар беткап тагынууну жана санитардык нормаларды сактоону унутту. Бул тууралуу 23-августта премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, беткап тагынууну жана санитардык нормаларды сактоону унуткан жарандар бар.

«Айрым жарандар оор күндөрдү эстен чыгарышты. Учурда той бергендер көп болуп жатат. Беткап тагынууну жана санитардык нормаларды сактоону унуткан жарандар бар. Сиздерден бир гана нерсе суранабыз — талаптарды так сактоо. Ал эми, Өкмөт өз кезегинде оорунун экинчи толкунун болтурбоо үчүн бардык иш-аракеттерди көрүп жатат», — деп билдирди Боронов.

Количество просмотров: 100