• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Боронов премьер-министр болоорун түндө уккан

16 Кулжа 2020 15:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн парламенттик коалиция Боронов башында турган өкмөттүн жаңы курамын карап, бир добуштан колдоду. Анда Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева залга маанайы суз келген премьер-министрликке талапкер Кубатбек Бороновдун маанайын сурады.

«Кубатбек Айылчиевич, залга маанайыңыз суз, абдан ойлонуп кирдиңиз, сизде кандай сезим болуп жатат? Сүйүнгөн жоксузбу же сүйүндүңүзбү? Премьер-министрлик өлкөдөгү эң чоң кызматтардын бири да», — деди Касымалиева.

Ал эми Боронов бул кызмат тууралуу сунуш кечинде гана түшкөнүн, андыктан чоң жоопкерчиликти сезип турганын айтты.

«Чынын айтсам, өзүм кечинде уктум. Сүйүнгөнгө убакыт болгон жок. Алдыбызда өтө чоң жоопкерчиликтүү иштер турганын сезип турам. Жоопкерчилик сезим бар, сүйүнө элекмин. Эми эртең бекитсеңиздер, анан сүйүнөт болушубуз керек. Рахмат!» — деди Боронов.

Количество просмотров: 241