• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Боронов Саламаттык сактоо министирлигинин жетекчилигинин уюштуруучулук, башкаруу иштерин сынга алды

29 Жалган куран 2020 14:18 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусуда онлайн режиминде Республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2020-жылдын 29-мартына карата коронавирус инфекциясын 26 киши жуктурганы аныкталганы айтылды. Алардын 13ү — Жалал-Абад облусу, Нарын — 1, Чүй облусу — 2, Бишкек шаары — 4, Ош шаары — 6. Алардын баары изоляцияга алынып, үйлөрү дезинфекцияланды, коронавирус жуктургандар менен байланышта болгон адамдар аныкталып, алар дагы изоляцияланды. Коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Жалпысынан бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 84 болду.

Тармактык министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери, облустук администрациялардын башчылары коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн берилген тапшырмаларды аткаруу боюнча жасалып жаткан иштер жана кабыл алынган чаралар жөнүндө маалымат беришти.

Биринчи вице-премьер-министр жер-жерлерде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырмасын берди.

«Бишкекке кирип-чыккан унааларды хлор менен тиешелүү дезинфекциялоо иштерин жүргүзгүлө. Бишкектин периметри боюнча тийиштүү санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү зарыл. Мындай иштер кичи райондордо жана калктуу конуштарда дагы жасалышы керек. Ушундай эле иштер аймактар дагы жүргүзүлүүгө тийиш. Бул азыр өтө маанилүү», — деди Кубатбек Боронов.

Штабдын жыйынынын жүрүшүндө Саламаттык сактоо министирлигинин жетекчилигинин уюштуруучулук, башкаруу иштеринин жетишсиздиги сынга алынды.

«Министрликтин жетекчилигинин уюштуруучулук ишинде кемчилдиктерди көрүп турабыз, бул биз тараптан да, калктын да нааразылыгын жаратпай койбойт. Кетирилген кемчиликтер четтетилет, бул дарыгерлердин керектөөлөрүн камсыздоо, ӨА режими учурунда унаа, уруксат маселелерине да тийиштүү. Алдынкы катарда иштеп жаткан лаборанттар, вирусологдор, эпидемиологдор үчүн тоскоолдуксуз жана коопсуз иштөөнүн бардык шарттары түзүлөт. Калган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары мында жардам көрсөтүшөт», — деди Кубатбек Боронов.

Ал ошондой эле патрулдук милициянын ишмердүүлүгүн сындап, көчөлөрдө жарандардын жүрүүсүн максималдуу түрдө чектөө зарылдыгын баса көрсөттү.

Штабдын отурумунда учурда Беларусь Республикасынан коронавирусту аныктоо үчүн 25 миң изилдөөгө эсептелген ПЧР негизиндеги тесттерди алып келүү маселеси иштелип жатканы маалымдады.

Жыйындын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде ӨА режими маалында тиешелүү өткөрмө кагаздарды электрондук түрдө берүү иштерин тездетүү тапшырылды.

Количество просмотров: 268