Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышып, экинчи орунга чыккан “Биздин Кыргызстан” саясий партиясына байланыштуу 29-июлда Жогорку сотко кайрылды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн. 26-июлда БШК «Биздин Кыргызстан» добуш сатып алууга аралашканын билдирип, анын алган добуштарын жараксыз деп тапкан жана тизмеден чыгарган.
Бишкектин административдик соту БШКнын бул чечимин жокко чыгарган.