• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Боршайком: Үч партия каржылык отчет берген жок

26 Чын куран 2021 16:28 Бишкек Govori.TV

«Улуу Журт», «Айкөл Кыргызстан», Кыргызстандын Жашылдар партиясы саясий партиялары каржылык отчетторун беришкен жок. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-апрель каржылык отчет тапшыруунун акыркы күнү болгон. Бирок, ушул күнгө чейин “Улуу Журт”, “Айкөл Кыргызстан” жана “Кыргызстан Жашылдар” саясий партиялары тарабынан отчеттор бериле элек.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө «Мыйзамдын 15-беренесине ылайык, саясий партиялар шайлоодон кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына алардын өлчөмү жана бардык булактары жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү.

Количество просмотров: 80