• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Боршайком Ош шаардык шайлоо комиссиясын таратты

9 Аяк оона 2021 14:49 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясын толук курамы менен таратты. Мындай чечим бүгүн, 9-сентябрда БШКнын отурумунда кабыл алынды.

БШКнын маалыматына караганда, «Биздин Кыргызстан» партиясы 38 аял талапкерин, «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы 39 талапкерин чыгарган, алардын 31и аял. Баары тең мандатын депутаттыкка талапкерлер тизмесиндеги кийинки адамдарга өткөрүп берерин айтышкан. Териштирүүдө аялдар арызды өз каалоолору менен жазбаганын, басым болгонун белгилешкен.

Шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда катталган мыйзам бузуулар боюнча иштер укук коргоо органдарына тергөөгө жөнөтүлмөй болду.

Буга чейин БШК эки партиядан түшкөн арыздын негизинде Ошто саясий партиялардын шаардык кеңешке талапкер катары көрсөткөн тизмесинен аялдар жапырт чыгып кетип жатканы боюнча маселени териштирген.

Количество просмотров: 258