• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Боршайкомдун алдындагы ачкачылык акциясы токтоду

15 Чын куран 2021 15:55 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу «Коммунисттер Кыргызстан» партиясынын мүчөсү, акциянын катышуучуларынын бири Амантур Манапбаев Govori.TVга билдирди.

«БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова чыгып биз менен сүйлөштү. Анын чыгышы үчүн эки күн ачка турууга туура келди. Кечээ орноткон чатырларыбызды милиция кызматкерлери алып кетишкен. Ага карабай биз күнү-түнү күттүк. Шайлдабекова Бишкектин шайлоо тилкелеринде кайсы жерде мыйзам бузуу катталса, арыздын негизинде ал жердеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарыла турганын айтты. Биздин талаптар жарым-жартылай аткарылды», — деди Манапбаев.

Манапбаев ошондой эле 16-апрелде БШКнын алдында нааразы тараптын жыйыны болуп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн кол топтоло турганын кошумчалады.

эске салсак, 14-апрелде Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиянын  өкүлдөрү БШКнын алдында ачкачылык акциясын баштаган. Алар добуш берүү жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Количество просмотров: 57