БШК бир мандаттуу округдар боюнча 18 талапкерди каттоодон баш тартты
БШК бир мандаттуу округдар боюнча 18 талапкерди каттоодон баш тартты
26 Тогуздун айы 2021 9:41 Бишкек Govori.TV
Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округ боюнча 18 талапкерди каттоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына айрымдары шайлоо күрөөсү төлөнгөндүгүн тастыктаган документтерди Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга тапшырган эмес. Кээ бирлери жогорку билими тууралуу документти тапшырбагандыктан каттоодон баш тартылган.
Жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу «Коммунисттер Кыргызстан» партиясынын …