• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

БШК: 7 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди

1 Аяк оона 2021 9:13 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн жалпы 7 партия билдирме жиберди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, шайлоого катышуу үчүн билдирмени «Социал-демократтар», «Улуттар биримдиги», «Ишеним», «Альянс», «Кыргызстандын жашылдар партиясы», «Жаратман эл», «Кыргызстан биримдиги патриоттук партиясы» жөнөткөн.

Кошумчалай кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Шайлоого катышчу партиялар 3-сентябрга чейин Боршайкомго билдирме жибериш керек. Бир мандаттуу округдардан талапкер болчу жарандар 14-октябрга чейин арыз тапшырышы зарыл. Бул жолку парламенттик шайлоо пропорционалдык (54) жана мажоритардык (36) система менен өтөт. Шайлоочулар партиянын тизмесиндеги талапкер үчүн дагы добуш бере алат.

Количество просмотров: 184