• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Ботаникалык бакта милиция кызматкери асынган абалда табылды

6 Бирдин айы 202419:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта милиция кызматкери асынган абалда табылды. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 5-февралда А.Ү. аттуу шаар тургуну аталган бөлүмгө арыз менен кайрылып, учурда милицияда иштеген, 45 жаштагы Ж.Б аттуу күйөөсү 4-февралда үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканына даттанган. Бул факт Маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

6-февраль, түшкү саат 13:55терде Бишкектин Ботаникалык багында, Шопен көчөсүнө жакын жерде Ж.Б аттуу жарандын денеси асынган абалда табылган. Сөөктү кароо учурунда кандайдыр бир зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес. Тиешелүү бардык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатат.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү кийинчерээк кошумча маалымат берилерин кабарлады.

Количество просмотров: 238