• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Браконьерлерге айыппулдун өлчөмү жогорулатылды

17 Бештин айы 2020 9:48 Бишкек Govori.TV

Жапайы жаныбарларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо, же алардын өлүмүнө жол бергендик үчүн таксалардын (айыппулдун) өлчөмү жогорулатылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Бул тууралуу чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.

Документ Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу мыйзамдарынын талаптарын сактоо чөйрөсүндө биологиялык түрдүүлүктүн сакталышын камсыздоого, Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн, анын ичинде эндемикалык объекттерин мыйзамсыз пайдалангандык үчүн жоопкерчиликти  күчөтүүгө багытталган.

Таксалардын жаңы өлчөмдөрүн белгилөө учурунда төмөнкүлөр эске алынды: жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн баалуулугу, алардын кайтарылышынын статусу, эндемикалуулугунун статусу, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (алардын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен) атайын пайдалануу үчүн акынын ставкалары, республиканын калкынын көпчүлүгүнүн төлөөгө кудурети жана жаратылыштагы популяциялардын реинтродукциясы же санын көбөйтүү боюнча иш-чаралардын жарым-жартылай адекваттуу наркы. 

Юридикалык жана жеке жактар жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мыйзамсыз олжолоо же жок кылуу менен келтирген зыян үчүн айыптын өлчөмүн эсептөө үчүн таксалар ургаачы-эркегине жана жашына карабастан бир баш жаныбарды мыйзамсыз атып алуу же башка ыкма аркылуу өлтүрүү, үчүн доо суммаларынын негизин түзөт.

Жапайы жаныбарларды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген, расмий олжолоп алынуучу жана мыйзамдуу рынокто сатылуучу аңчылык жана башка түрлөрдүн тизмегине кирген жаныбарларды мыйзамсыз олжолоо же өлүмүнө жол берүү үчүн таксаны көбөйтүү алардын тиешелүү рыноктук наркынан 2ден тартып жана 10 эсеге чейин өлчөмдө жүргүзүлөт.

Теги:
Количество просмотров: 29