Жогорку Кеңештин жыйынында «ар кандай» маселелер саатында депутат Марлен Маматалиев “Коопсуз шаардын” айып пулдарынын көлөмүн төмөндөтүүнү сунуштады.
Анын айтымында, экономикалык абал оор, эл кыйналып жатат.
«Учурда элде кризис бардыгы кымбат, дүкөндөргө карызга түшүп жатышат. Биз «Коопсуз шаар» долбоору менен эреже сактоо тартибин орноттук. Айып пулдардын көлөмүн азайтканга убакыт келди. Мисалы, айдоочу айып пулду төлөйүн деп барса кошумча туум эсептеп, эки эсе кылып төлөтүп жатасыздар, эмне финансылык орган белеңер антип төлөтүүгө. Эгерде өкмөт макул болсо, мыйзамга өзгөртүү киргизели, – деди Маматалиев.