• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

БШК атка минген талапкерлер боюнча түшүндүрмө берди

22 Бештин айы 2020 14:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-декабрда БШКнын жумушчу тобу президенттикке талапкерлерге берилген белектер боюнча маселени карады. Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү Гулнара Журабаева билдирди.

Анын айтымында, талапкерлер үгүт учурунда тартуу кылынган белектерден баш тартышкан.

«Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу талапкерлер Садыр Жапаров, Аймен Касенов, Адахан Мадумаров, Курсан Асановдорго үгүт учурунда тартуу кылынган белектер боюнча маселени карады. Анда Мадумаровдун өкүлү ал тартуу кылынган аргымактан баш тартканын билдирди. Үгүт учурундагы видео материалда Мадумаров чынында эле тартуудан баш тарткан. Ал эми талапкер Касеновдун өкүлү тулпар атасына таандык экенин айтты. Садыр Жапаров менен Курсан Асановдун өкүлдөрү дагы жагдайды түшүндүрүп, талапкерлер тартуу катары берилген белектерден баш тартканын билдиришти. Эгерде жарандар өз талапкерин колдогусу келсе, анын шайлоо фондуна каражат бере алат. Бул шайлоо фонддорун түзүүдө жана сарптоодо ачык-айкындуулукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Натыйжада талапкерлерди мыйзамдын талаптарын так сактоого чакырдык», — деди ал.

Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Джурабаева шайлоого байланыштуу бардык нерселер шайлоо фонддорунан гана өтүшү керектигин кошумчалады.

2021-жылдын 10-январында өтүүчү мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик шайлоонун үгүт иштери 15-декабрда старт алган. Учурда талапкерлер өлкөнү түрө кыдырып, элге убадаларды берип, программалары менен тааныштырууда.

Эл менен жолугушууга барган талапкерлерди жергиликтүүлөр шатыра-шатман тосуп алып, чепкен жаап, калпак кийгизүү Кыргызстанда салтка айланып калган десе болот. Ал эми акыркы учурларда талапкерлерге жарышта жеңишке жетүүсүң тилек кылышып аргымак мингизген учурларды көрүп жүрөбүз.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларынан белек алуу мыйзам бузуу болуп санала турганын эскертүүдө.

Количество просмотров: 72