• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БШК: Чүйдө админресурс колдонуу фактысы катталды

8 Чын куран 2021 15:42 Бишкек Govori.TV

Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобунун (ЫЧКТ) мүчөлөрү интернет сайттарга байкоо жүргүзгөндө Бишкек шаарынын Октябрь районунун №8 МАБ (муниципалдык аймактык башкармасы) башкы адиси тараптан «Эмгек» саясий партиясынан шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер Ш.С.Рдин пайдасына Whatsapp мессенжеринде үгүт жүргүзүү мүнөзүндөгү смс билдирүүнү аныктады. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Бул факт КР Жоруктар кодексинин административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө 87-1-беренесинин 2-бөлүгү боюнча Октябрь районунун ИИБдин Кылмыштардын жана укук бузуулардын бирдиктүү реестрине (КУБР) 2021-жылы 23-мартта № 03-055-2021-002845 менен катталды.

Жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында жана шектенүү үчүн негиз берген жетиштүү далилдер болгондуктан 2021-жылы 7-апрелде Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБдин ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан КР Жоруктар кодексинин административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу жөнүндө 87-1-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жорук жасаган деп шектенүү жөнүндө №8 МАБ башкы адиси Ш.Л.Га билдирме тапшырылды. Изилдөө жүргүзүү жана андан ары сотко өткөрүп берүү үчүн иш прокуратурага жөнөтүлдү.

Учурда ички иштер органдары тарабынан үй комитеттеринин саясий партиялар менен талапкерлердин пайдасына үгүт жүргүзүүгө катышуусу жөнүндө башка бир катар билдирүүлөр боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын Октябрь жана Свердлов райондорундагы кичи райондорунун үй комитеттеринин өкүлдөрү суракка чакырылды. Жыйынтыгы боюнча күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылып, үй комитеттеринин өкүлдөрүнүн аракеттерине укуктук баа берилет.

ЫЧКТ үй комитеттеринин өкүлдөрүн шайлоонун жүрүшүндө мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырат жана мыйзамдардын төмөнкү беренелеринде каралган бузуулар үчүн жоопкерчилик бар экендиги тууралуу эскертет:

— КР Жазык кодексинин 192-беренеси. Шайлоочуларды сатып алуу – 180 000 сомдон 260 000 сомго чейин айып пул салууга же болбосо 2 жыл 6 айга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

— КР Жоруктар кодексинин 87-1-беренеси. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануусу – белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен 30 000 сомдон 60 000 сомго чейин айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

Количество просмотров: 57