• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

БШК чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участогунун түзүлүшүн бекитти 

16 Теке 2020 9:40 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия чет өлкөлөрдө 42 шайлоо участогун түзүүнү бекитип, дагы экөөнү макулдашып жатат. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Орусиядагы элчиликтин Иркутск, Сургут, Түштүк-Сахалин жана Якутия аймактарындагы төрт кеңсесинде добуш берүү түйүндөрү түзүлөт. Ушул тапта Франциянын Париж жана Италиянын Рим шаарларында шайлоо участокторун ачуу тууралуу ал өлкөлөрдүн бийлиги менен макулдашуу жүрүп жатат.

Чет өлкөлөрдөгү участкалык шайлоо комиссияларынын курамына ошол жактагы кыргызстандык жарандар, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү, консулдук жана дипломаттык мекемелердин кызматкерлери мүчө боло алышат.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрга белгиленген. 

Количество просмотров: 50