• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

БШК Дастанбек Жумабековду каттоодон алуу боюнча сунушту карайт

18 Аяк оона 2020 16:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясында Дастанбек Жумабековдун жаңы төрөлгөн балага 50 миң сом сүйүнчү пул бергени боюнча маселе каралат. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Абдрахматованын айтымында, жумушчу топ буга чейин Жумабековдун ишин карап, аны каттоодон алуу боюнча БШКга кайрылган. БШК саат 18:00дө сунушту карайт.

Эске салсак, Жумабеков 14-сентябрда Таласка Жогорку Кеңештин төрагасы катары барып, жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берген. Каражат спикердин фондунан бөлүнгөнү айтылып, кийин үй-бүлөсүнүн атынан көрүндүк катары берилгени кабарланган. 17-сентябрда парламенттин басма сөз кызматы кайра маалымат таратып, акча фонддон бөлүнгөнүн айткан.

Количество просмотров: 69