• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

БШК депутаттык мандаттар качан берилерин айтты

20 Бештин айы 2021 16:49 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланган эл өкүлдөрунө ушул аптада депутаттык мандат тапшырууну пландап жатат. Бул тууралуу Govori.TVга БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Жакынкы күндөрү жаңы депутаттар эл өкүлү катары катталат. Андан кийин күбөлүк тапшыруу күтүлүүдө. Айрым талапкерлер БШКнын чечими боюнча сотко кайрылышкан чечим чыгышын күтүп жатабыз. Ушул аптанын ичинде күбөлүк берилиши мүмкүн», — деди Бекматов.

Мыйзам боюнча шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин эки жуманын ичинде биринчи жыйыны өтүшү керек. Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрь күнү жыйынтык чыгарган.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Жыйынтыкка ылайык, парламентке 90 адамдын ордуна 87 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда «баарына каршы» деген графа көп добуш алган. Бул аймактарда кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Ал эми №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан уткан Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу аныкталып, депутат болуу укугунан ажырады. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 эл өкүлү шайланат.

Количество просмотров: 580