Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну аяктоодо. Бул тууралуу Боршайкомдун расмий сайтында маалымдалат.
2021-жылдын 17-январына карата 54 аймактык шайлоо комиссиясынан төмөнкүлөр протоколдорун тапшырды:
— Ош облусу (Чоң-Алай, Алай, Араван, Кара-Суу);
— Талас облусу (Манас, Талас, Кара-Буура, Бакай-Ата);
— Жалал-Абад облусу (Аксы, Ала-Бука, Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал);
— Нарын облусу (Нарын шаардык, Кочкор, Нарын, Жумгал, Ат-Башы);
— Ысык-Көлоблусу (Каракол, Балыкчы, Ак-Суу, Жети-Өгүз);
— Чүй облусу (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Чүй, Сокулук, Панфилов, Токмок);
— Баткен облусу (Баткен шаардык, Кызыл-Кыя, Баткен, Лейлек, Сүлүктү).
Тапшыра элек АШКлар:
— Бишкек шаары ;
— Ош шаары ;
— Ош облусу (Кара-Кулжа, Ноокат);
— Талас облусу (Талас шаардык);
— Жалал-Абад облусу (Базар-Коргон, Жалал-Абад, Ноокен, Токтогул);
— Нарын облусу (Ак-Талаа);
— Ысык-Көл облусу (Ысык-Көл, Түп, Тоң);
— Чүй облусу (Ыcык-Ата, Москва);
— Баткен облусу (Кадамжай).