Борбордук шайлоо комиссиясынын координациялык тобуна мыйзам бузуу боюнча 31 маалымат түшкөн, анын ичинен 9у добуш сатып алуу. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта координациялык топтун жыйынында Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, келип түшкөн 12 маалымат боюнча фактылар далилденген эмес.
«Шайлоочунун укугун бузуу – 1, добуш сатып алуу – 9, административдик ресурс колдонуу – 8, коркутуу жана басым көрсөтүү – 1, талапкер тарабынан жалган маалымат таратуу боюнча – 1, үгүт эрежелерин бузуу – 3. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 15 факты катталган, алар боюнча тергөө жүрүп жатат”,-деди ал.
Ошондой эле Шайлдабекова резонанс жараткан маселелер бар экенин кошумчалады.