БШК 27-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңешке шайлоого Бишкектеги №22 шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Лира Акунованы жана №24 округдан талапкер Гүлназ Халилованы кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Лира Акунованын кызы Салтанат Исманова жана жээни Шаабидин Токтосартов шайлоочулардын добушун сатып алуу үчүн талапкердин штабынан 360 миң сом таратканы аныкталган. Сот 26-ноябрда анын кызы менен жээнин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарып, милиция издөө жарыялады.
Шаардык милиция ал эми Гүлназ Халилованын пайдасына добуш сатып алуу ишине 43 жаштагы адам, анын 22 жаштагы уулу (Ф.М.) жана Бишкек шаарынын “Восток-5” кичи районунун 64 жаштагы үй комитет башчысы тартылганын билдирген. Үгүтчүнүн батирин тинткенде 80 миң доллар, 116 миң сом, штабдан алынган 29 миң 500 сом, ошондой эле “Восток-5” кичи районунда жашаган шайлоочулардын тизмелери табылган.
Эки факты боюнча тең Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон.