• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БШК электрондук капчык аркылуу добуш сатып алууну көзөмөлдөйт

16 Жетинин айы 2021 14:18 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы электрондук капчык аркылуу шайлоочулардын добушун сатып алуу коркунучун алдын алууга байланыштуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган мекеменин расмий сайтында маалымдалат.

Маалым болгондой, жыйынга Улуттук банктын, коммерциялык банктардын жана Финансылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү катышып, идентификацияланбаган төлөм тутумдары аркылуу аткарылчу төлөмдөргө байкоо жүргүзүү маселеси талкууланды.

Кеңешменин катышуучулары электрондук капчыктар аркылуу шайлоочулардын добуштарын сатып алуунун мүмкүн болуучу учурларын аныктоо боюнча төмөнкүдөй чечимге келишти:

  • Өз ыйгарым укуктарынын алкагында БШК, КРУБ, коммерциялык банктар жана Финансы чалгындоо мамлекеттик кызматы шайлоо мезгилинде, айрыкча,  шайлоо датасына чейинки 2 жуманын ичинде (2021-жылдын 15-ноябрынан 28-ноябрына чейин) жана шайлоодон кийин (2021-жылдын 29-ноябрынан 18-декабрына чейин) банк төлөмдөрүнө, банк мекемелеринин жана мобилдик байланыш операторлорунун, төлөм тутумдарынын мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрүнө байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
  • Төлөмдөрдү колдонуунун массалык мүнөзү (кыска убакыттын ичинде бир түзүлмөдөн бирдей суммада кайталанган транзакциялар же убакыттын белгилүү бир тогошунда катары менен бир нече күн бою мезгил-мезгили менен кайталанган бирдей суммалар) күмөндүү төлөмдөр деп эсептелсин;
  • Көрүлүп жаткан чаралар кызыкдар жактардын шайлоочулардын добуштарын сатып алуу, анын ичинде чет өлкөлүк булактардан сатып алуу аракеттерине бөгөт болууга тийиш.

— шайлоо фонддорунан тышкары каражаттарды пайдалануу шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузган жазык жосуну болуп саналат, ал, анын ичинде, талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоону жокко чыгаруу үчүн негиз болуп кызмат кылат;

—  шайлоочулардын добуштарын сатып алуу 260 миң сомго чейин айып пул салынуучу же 2 жыл 6 айга чейин эркиндиктен ажыратуучу жоопкерчиликке тартуучу жазык жактан жазалоочу кылмыш болуп саналат

Количество просмотров: 86