• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

БШК: Үгүт ишине окуучуларды катыштырган окуяны милиция текшерет

15 Жетинин айы 2021 15:47 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) «Ишеним» партиясы үгүт иштерине окуучуларды катыштырды деген маалыматты текшерип жана укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөттү. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтында маалымдалат.

Буга чейин социалдык тармактарда «Ишеним» партиясы окуучулар аркылуу үгүт материалдарын таратып жатат деген тасма тараган. Анда үчүнчү жана алтынчы класстын окуучулары гезиттерди «таратып келгиле» деп Ихтибар аттуу айым бергенин айтышканын көрүүгө болот.

БШКнын маалыматына караганда, шайлоо мыйзамынын 28-беренесинде үгүт иштерин окуу жайлардын имараттарында өткөрүүгө тыюу салынган. Ошондой эле, үгүт иш-чараларына жашы жете электерди тартууга мыйзам жол бербейт.

Количество просмотров: 102