• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

БШК камакка алынган Акбөкөн Таштанбековду депутат кылып каттады

15 Бештин айы 2021 11:06 Бишкек Govori.TV

Бир мандаттуу 3 шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары аныкталды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Боршайком 14-декабрдагы отурумунда № 21 Талас округунда көп добуш алган талапкер Бактыбек Чойбековду, №30 Ысык-Ата округунан көп добуш алган Акбөкөн Таштанбековду депутат кылып каттады. Баарына каршы добуш бергендер көп болгон №29 Свердлов округундагы шайлоону өткөн жок деп тапты.

№30 Ысык-Ата округунан көп добуш алган Акбөкөн Таштанбековду атайын кызмат улуттар аралык кастыкты козутууга айыптап камакка алган. БШКдан сот чечими чыга электигин, андыктан Таштанбековду депутат кылып каттоого тоскоолдук жоктугун билдиришти.

Эске салсак, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарышы керек. Парламенттин курамы 54 партиядан, 36 бир мандатуу округдардан шайланып келген 90 депутаттан турат. 

Количество просмотров: 427