• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

БШК каза болгон жаран добуш берди деген маалыматты четке какты

4 Тогуздун айы 202018:01 Бишкек Govori.TV

Каза болгон адамдын добуш бергени боюнча маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, №1041 шайлоо участкасында каза болгон адамдын да добуш бергени боюнча маалыматты УКМК иликтеп, мындай факты катталбаганын аныктады.

«№1041 шайлоо тилкесинде каза аболгон киши добуш берди деген маалымат тарады. Буга байланыштуу текшерүү жүргүзүлүп, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын айтымында каза болгон жаран добуш берди деген маалымат тастыкталган жок»,-деди Шайназаров.

Теги:
Количество просмотров: 61