• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президенттик шайлоо: БШК коомдук байкоочуларды каттады

23 Жетинин айы 2020 12:06 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 21-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өзүнүн жыйынында 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳрдү берүү менен тѳмѳндѳгү коомдук бирикмелерди каттоо жѳнүндѳ чечим кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын маалымат бѳлүмү билдирди.

«Жарандык демилгелер» коомдук фондунан:

  • Ошурахунова Динара Мажановна,
  • Эсенгельдиев Алмаз Табылдиевич.

Чечим «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Президентин мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 24-октябрындагы № 263 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алуу менен кабыл алында.

Количество просмотров: 40