• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

БШК «Кыргызстан» партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылат

28 Баш оона 2020 16:52 Бишкек Govori.TV

БШК «Кыргызстан» партиясы боюнча Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, БШК «Кыргызстан» партиясына карата Бишкектин административдик соту чыгарган чечимге макул эмес.

«Жакын арада БШК кассациялык арыз менен Жогорку сотко кайрылат. Буга чейин кабыл алган чечимибизди мыйзамдуу болгон деп эсептейбиз»,-деди Шайлдабекова.

Эске салсак, БШК 25-августта “Кыргызстан” партиясы “шарттарды бузган” деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган. 26-августта “Кыргызстан” партиясы БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. 27-августта сот аталган партиянын арызын канаттандырган.

Теги:
Количество просмотров: 114