• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

БШК: “Кыргызстан” партиясынын чуусу бүгүн текшерилет

25 августа 2020 в 11:00 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу “Кыргызстан” партиясынын талапкерлердин тизмесин тапшырган убактысы боюнча текшерип чыгат. Бул тууралуу Govori.TVга БШКдан билдиришти.

“Мыйзамга ылайык, БШК акыркы чечимди чыгаруу үчүн документтерди 24 саат бою карап чыгууга укуктуу. Демек, бүгүн, саат 18.00гө чейин, биз чечимибизди айтабыз», – деп билдирди БШК.

Эске салсак, буга чейин  «Кыргызстан» партиясы шайлоого катталуу үчүн БШКга документтерди өз убагынан кеч жеткирген деген маалымат тараган. Анда партия өкүлдөрү саат 18:00дон кийин имаратка киришкен. 25-августка караган түнү Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого ат салышкан партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер чогулуп, БШК жетекчилигинен «Кыргызстан» партиясы саат канчада талапкерлеринин тизмесин өткөргөнүн так көрсөтүүнү талап кылып, нааразычылыктарын билдиришкен.

Количество просмотров: 226