• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

БШК «Кыргызстан» партиясынын документин кабыл албай койду

29 Баш оона 2020 1:19 Бишкек Govori.TV

28-августта Борбордук шайлоо комиссиясы «Кыргызстан» саясий партиясынын кайрадан алып келген документтерин кабыл алган жок. Бул тууралуу Боршайкомдон кабарлашты.

БШК билдиргендей, алар Бишкектин административдик сотунун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылганы жаткандыктан, мыйзам боюнча документтерди кабыл албаганга укуктары бар.

Буга чейин БШК “Кыргызстан” партиясы боюнча Жогорку сотко кайрыла турганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова дагы билдирген.

Эске салсак, БШК 25-августта “Кыргызстан” партиясы “шарттарды бузган” деген негиз менен анын документтерин артка кайтарган. 26-августта “Кыргызстан” партиясы БШКнын чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна арыз берген. 27-августта сот аталган партиянын арызын канаттандырган.

Количество просмотров: 136