• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БШК Мадумаровдун айткандарын четке какты

12 Үчтүн айы 2021 16:14 Бишкек Govori.TV


Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын автоматтык режимде эсептей турган урналардын иштөөсүн текшерүү (тестирлөө) жүргүзүүгө катытшкан эмес. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

«Шайлоодо колдонулуп жаткан техникалардын так иштөөсун камсыз кылуу үчүн алдын ала автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды кеңири тестирлөөдөн өткөрдүк. Бул процесске башка органдар катышкан жок. Массалык маалымат каражаттарында Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү шайлоонун жыйынтыгын автоматтык режимде эсептей турган урналардын иштөөсүн текшерүү (тестирлөө) жүргүзүүгө Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге катышты деген маалыматтар тарады. УКМКнын кийлигишүүсү мүмкүн эмес»,-деди Шайлдабекова


Эске салсак, буга чейин президенттик шайлоодо ат салышкан Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Каныбек Иманалиев БШКга кайрылып, коомчулуктун жана шайлоого катышкан талапкерлердин катышуусунда автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды кайра тестирлөөнү талап кылышкан. Алар БШК 6-январда автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды УКМКнын кызматкерлеринин катышуусунда тестирлөөдөн өткөрүшкөнүн БШК кайрылууну четке какканын айтышкан.

Теги:
Количество просмотров: 151