• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

БШК Матраимов менен Ражабалиевди депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин карайт

22 Бирдин айы 2024 15:59 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынынын күн тартибинин долбоорунда айтылат.

Мындан тышкары ЖК депутаты Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктары боюнча маселе да каралат.

15-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыялаган. Анда пикирин билдирген эксперт, саясат талдоочулар мафия аталып, издөөгө алынган адамдын жакындары парламентте отурбаш керек деген жүйө келтиришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев 14-февралда мандатын тапшыргандан кийин Райымбек Матраимовго байланышы бар делген башка эл өкүлдөрү боюнча маселе көтөрүлүп, өзгөчө төрт-беш депутаттын ысымы ачык айтыла баштаган.

Кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар делген Жогорку Кеңештин айрым депутаттары аны менен эч кандай байланышы болбогонун айтып чыгышууда.

Количество просмотров: 118