• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

БШК ММК өкүлдөрү менен коомдук диалог өткөрдү

21 Баш оона 2020 13:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен өнөктөштүктө «Шайлоо мезгилиндеги үгүт иштери жана каржылоо маселелерин чагылдырууда ММКнын ролу» деп аталган коомдук диалог өткөрдү.  

Диалогдун максаты 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоолорду өткөрүүдөгү өзгөчөлүктөр менен ММК өкүлдөрүн тааныштыруу.

Иш-чарага Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов, “Жарандык платформа” коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова, Кыргызстандагы ПРООНдун өкүлү Юлия Шипилова жана эл аралык эксперттер катышты.

БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган шайлоолорду өткөрүүнү уюштуруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди.

Абдыжапар Бекматов

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында ачык маалымдалат. 19-августка чейин 23 саясий партия курултай өткөрүп, талапкерлеринин тизмесин түзүп, бекитти. Эми 5 күндүн ичинде 24-августка чейин саясий партиялар мыйзамда көрсөтүлгөн документтерди БШКга тапшыруусу зарыл. Маалыматтар “Электрондук кандидат” программасына киргизилип, бул шайлоочулар үчүн электрондук маалымат базасын түзүүгө жардам берет. Ал эми Боршайком тарабынан саясый партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн ААК “РСК Банк”, ААК “Айыл Банк” банктары тандалган»,-деди Бекматов.

Юлия Шипилова

Ал эми Кыргызстандагы ПРООНдун өкүлү Юлия Шипилова өзүнүн презентациясында ММК жана интернет басылмалардын жоопкерчилиги, ММК өкүлдөрүнүн укуктары менен милдеттери тууралуу айтып берди.

Ошондой эле коомдук диалогдо Кыргыз Республикасынын шайлоо системасына ишенимди жана ачыктыкты жогорулатууга багытталган шайлоолордун укуктук негиздери, технологиялык процесстер талкууланып, иш-чара эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен өткөрүлдү.

Кошумчалай кетсек, бул иш-чара Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун колдоосу менен КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындык маселелери боюнча билим берүүчү долбоордун алкагында ишке ашырылып жатат.

Количество просмотров: 64