• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК: Мыйзам бузуулар боюнча 3 саатта 25 кайрылуу түштү

11 Чын куран 2021 12:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-апрелде 3 сааттын ичинде мыйзам бузуулар боюнча 25 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров брифинг учурунда билдирди.

Шайназаров бүгүн эле эки чоң факты катталганын, алар боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.

«Даттануулардын 12си такталып, чара көрүлүп жатат. Калганы жакынкы мүнөттөрдө укук коргоо органдары тарабынан текшерилип, чара көрүлөт. Ош шаарында бир партиянын өкүлдөрү акча таратып жатканы тууралуу видео тарады. Дагы бир видео Бишкектеги №1054 тилкенин жанынан таштандыдан бюлеттендер табылганы айтылды. Ал факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Күнөөлүүлө аныкталат, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт”-деди Шайназаров.

Количество просмотров: 41