• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

БШК Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПны каттоодон өткөрдү

3 Баш оона 2020 16:18 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПнын шайлоого карата ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоодон өткөрдү. Бул тууралуу Govori.TVга Сагынбек Абдрахманов өзү билдирди.

Абдрахмановдун айтымында,партиянын өкүлдөрү БШКнын жыйынында каттоодон өткөн.

«20-июлда Бишкектин административдик соту бул чечим боюнча менин каршы арызымды карап, БШКны бизди каттоого милдеттендирген. Жогорку Сот дагы партиянын өкүлдөрүн каттоого милдеттендирүү чечимин күчүндө калтырды. Алдыда шайлоого катышабыз»,-деди Абдрахманов.

Эске салсак, 13-июлда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Сагынбек Абдрахманов жетектеген КСДПнын шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүүсүн каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алган. Буга алардын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жактаган КСДП менен соттук териштирүүлөрү аяктай электиги себеп болгонун билдиришкен эле.

Количество просмотров: 210