Парламенттик шайлоого №31 Чүй-Кемин округунан катышкан Медербек Саккараевдин талапкерлиги жокко чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечим 18-декабрда кабыл алынган.
Саккараев депутаттыкка талапкер болуп 11-октябрда расмий катталган, бирок башка өлкөнүн жараны эместиги тууралуу так маалымат көрсөтө алган жок. Ал Казакстандын жараны экени жөнүндөгү арыздар БШКга Саккараевдин шайлоодогу атаандаштарынан келип түшкөн.