• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

БШК: Шайлоого карата жарандарды жасалма каттоолор жүрүп жатканы такталат

13 Бирдин айы 2020 16:00 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү шайлоолордун алдында шаарларда каттоого тургандардын кескин көбөйгөнүнө байланыштуу Жогорку Кеңеште маалымат берип жатат.

Анын айтымында, жакында шайлоо өтө турган шаарларга каттоого туруп жаткан жарандардын көбөйүшү тууралуу маалымат боюнча анализ жүргүзүлөт.

«Жакында шайлоо боло турган шаарларга каттоого жарандардын көбөйүшү тууралуу маалымат тараган. Ошого байланыштуу биз кечээ жумушчу кеңешме өткөрдүк. Ал жакка мамлекеттик каттоо кызматынан, укук коргоо органынан, Башкы прокуратурадан өкүлдөр келип, бул маселе талкууланды. Ош, Токмок, Балыкчы, Майлы-Суу жана Каракол шаарларында каттоого туруп жаткан жарандар боюнча маалымат берилди», — деп билдирди Шайлдабекова.

Количество просмотров: 265