• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

БШК шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Кайсы партияга канча мандат тиет (тизме)

15 Бештин айы 202118:01 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялап, 6 партия жеңишке жетти деп тааныды.

Бирдиктүү шайлоо окургу боюнча 6 партияга төмөндөгүдөй мандат берилет:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 15 мандат;
  • «Ишеним» — 12 мандат;
  • «Ынтымак» — 9 мандат;
  • «Альянс» — 7 мандат;
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 6 мандат;
  • «Ыйман нуру» — 5 мандат.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өттү. Парламентке 90 адамдын ордуна 88 киши депутат болуп келет. Себеби бир мандаттуу эки шайлоо округунда «баарына каршы» деген графа көп добуш алган. Бул аймакта кайрадан шайлоо өтөт. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланат.

Количество просмотров: 546