• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

6 Тогуздун айы 2020 15:04 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун тыянагын жокко чыгарды. Маалыматты БШКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=10157952835286559&id=676656558

Маалыматка караганда, парламенттик шайлоонун тыянагын жокко чыгаруу тууралуу чечимдин үстүндө юристтер иштеп жатат.

Буга чейин БШКнын жумушчу тобу Жогорку Кеңештин VII чакырылышы үчүн өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарганын БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев жергиликтүү басылмаларга билдирген.

Ал эми БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева Жогорку Кеңештин VII чакырылышы үчүн өткөн шайлоонун жыйынтыгы боршайкомдун мүчөлөрүнүн 11 добушу менен жокко чыгарылганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

Количество просмотров: 96