• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

БШК талапкер Садыр Жапаровго эскертүү берген жок

6 Үчтүн айы 2021 9:15 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттикке талапкер Садыр Жапаровго Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эл менен жолугушуусундагы театрлаштырылган шоуго байланыштуу эскертүү берген жок.

БШК үгүт иштери боюнча жумушчу топтун талапкерге эскертүү берүү тууралуу сунушун 5-январда карады. Жыйында сунушту Боршайкомдун беш мүчөсү колдоп, калганы каршы болгондуктан, ал өткөн жок.

Көпчүлүк мүчөлөр Караколдогу жолугушуунун уюштуруучусун Бузуулар кодексине ылайык жоопко тартуу маселесин карап көрүүнү БШКнын тиешелүү өкүлүнө сунуштоо керек деген чечимге келишти.

БШКнын жыйынында Садыр Жапаровдун өкүлү Александр Мощин Караколдун жашоочуларынын аракеттеринде үгүттүн элементтери болбогонун, талапкердин штабы мындай жолугушууну пландабаганын, бирок ал жерден эч кандай мыйзам бузуу көрбөгөнүн айтты. Театрлаштырылган көрсөтмөнү штаб эмес, жергиликтүү тургундар өздөрү уюштурганын билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова театрлаштырылган көрсөтүү мыйзамда тыюу салынганы тууралуу уюштуруучулар жарандарга эскертип коюшу керектигин, бирок видеодо талапкердин өзүнө бул көрүнүш күтүүсүз болгону байкалганын белгиледи.

Өткөн аптада Садыр Жапаровдун Караколдо эл менен жолугушуусунда аны Жети акенин образындагы кишилер бата берип, шоу менен тосуп алышкан. Үгүт мыйзамдарына ылайык, талапкердин жолугушууларында театрлаштырылган ар кандай шоуларга тыюу салынат.

Булак: «Азаттык»

Количество просмотров: 101