• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК өткөн шайлоолор боюнча жыйынтык чыгарды

15 Жалган куран 2022 14:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-мартта 2021-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын талдаган коомдук талкуу өттү. Анда жаңы шайлоо системасынын артыкчылыктары менен кемчиликтери жөнүндө сөз болду.

«2021-жылы Кыргызстанда эң чоң саясий процесстерди аяктадык. Алсак, президенттик шайлоо, референдум, жергиликтүү кеңештерге шайлоо, шаардык кеңештердеги депутаттардын шайлоосу жана 28-ноябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо болду. Үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде 3 шаар менен 13 айылдык кеңештеги шайлоону өткөрүп алсак, бизде жакынкы арада шайлоолор болбойт. Шайлоону техникалык жактан камсыздоону өркүндөтүү, маалыматтык шайлоо системасын жакшыртуу сыяктуу пландарыбыз бар. Бүгүнкү коомдук талкуунун максаты жыйынтыктоо»,-деди БШКнын төрагасынын орун басары Тынчтык Шайназаров.

Ал эми Боршайкомдун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова алдыдагы шайлоолор тууралуу маалымат берди.

«Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор 2025-жылы өтөт. 2026-жылы парламенттик шайлоо болот. Ал эми президенттик шайлоо 2027-жылга туура келет»,-деди Шайлдабекова.

Кыргызстандагы шайлоо өнөктүгүнө демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун бюросу, Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы байкоо салган. Бакоочу Алексей Рогов төмөндөгүлөргө токтолду.

«28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоо салыштырмалуу таза өттү»,-деди ал.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоодо 5% босого чектен алты партия өткөн. Алар: «Ата-Журт Кыргызстан» , «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» . БШК чыгарган расмий жыйынтыкка ылайык «Ата-Журт Кыргызстан» – 15, «Ишеним» — 12, «Ынтымак» — 9, «Альянс» — 7, «Бүтүн Кыргызстан» — 6, «Ыйман Нуру» — 5 депутаттык мандат тийген.

Количество просмотров: 140