• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

БШКда кворум чогулган жок. Текебаевге мандат берүү маселеси карала элек

13 Тогуздун айы 2020 13:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шердин депутаттык мандатынан баш тарттуу маселесин кароо кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова билдирди.

Буга БШК мүчөлөрүнүн тийиштүү саны жыйынга катышпагандыгы себеп болгон.

Белгилей кетсек, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арыз менен Боршайкомго кайрылганы 10-октябрда белгилүү болгон. 12-октябрдагы БШКнын жыйынында “Ата Мекен” фракциясында бош мандат жоктугуна байланыштуу жана Боршайкомдун мүчөлөрү толук келбегендиктен бул маселе башка күнгө жылган.

Мындан көп узабай, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз депутаттык мандатын «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге бошотуп берүү чечимин кабыл алганын айтып чыкты.

Количество просмотров: 95