Борбордук шайлоо комиссиясынын кароосунда президенттик шайлоого катышуу тууралуу арыз берген 65 адамдын 48инин документи калды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, беш адам арызын өзүлөрү кайтарып алышты, ал эми 12 адамдын документтерин Боршайком кайтарып берген.
Кошумчалай кетсек, Боршайком документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерүү этабын жүргүзүп жатат, 14-декабрды кошкондо каттоо мөөнөтүн айктап, 15-декабрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери жүргүзүлөт.
Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков бийликти быйыл парламенттик шайлоодон соң жаралган башаламандыктан кийин өткөрүп берген. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январга белгиленген.