3-декабрдын соңуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкерлигин койгон 21 жарандан шайлоочулардын колу коюлган баракчалар келип түштү.
Ал эми акыркылардан болуп кол тамгаларды талапкерлер Кубанычбек Токтосунов, Каныбек Иманалиева, Самат Ибраев, Улукбек Кочкоров, Имамидин Ташов жана Канатбек Исаев ташырган. Бирок канча кол чогултканы тууралуу азырынча так маалымат айтыла элек.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда болот.
Ал эми шайлоочулардын кол тамгалары коюлган тизмени жана 1 миллион сомдук күрөөнү тапшыруу мөөнөтү 3-декабрдын соңунда аяктады. Чогулган кол тамгалар 30 миңден кем эмес, 60 миңден көп эмес өлчөмдө болушу керек. Ал эми буга чейин БШК 20 талапкер шайлоо күрөсүн төккөнү тууралуу маалымат берген.
4-декабрдан тартып БШК тизмедеги коюлган колдордун аныктыгын текшерип, талапкердикке каттай баштайт. 15-декабрдан 9-январга чейин шайлоого үгүт иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет.