• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

БШКга дагы 2 партиядан шайлоого катышуу тууралуу билдирүү түштү

13 Теке 2020 16:19 Бишкек Govori.TV

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга 9-июлда дагы 2 саясий партиядан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөр келип түштү.

«Өнүгүү Кыргызстан» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берди. Ага партиянын лидери Ж.А.Абдраимов кол койгон.

Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Бакыт Акматов;
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктууөкүлү — Кумарбек Молдокеримов.
«Билим, илим ордосу» саясий партиясы шайлоого катышуу тууралуу билдирүү берип, ага партиянын лидери С.Ж.Турдубаев кол койгон.

Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Куттубек Аманкулов;
Финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү — Жаңыл Мамытова.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин көрсөтүү шайлоо дайындалган күндөн башталат жана шайлоо күнүнө 45 күн калганда, тактап айтканда 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленди.

Буга чейин 42 саясий партиядан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу билдирүүлөр түшкөнү маалымдалган.

Количество просмотров: 42