• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

БШКнын алдында митинг өттү

26 Тогуздун айы 202013:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында нааразычылык акциясы өттү.

Имараттын алдына болжол менен 30дан ашык жаран чогулуп, парламенттик шайлоонун өз мөөнөтүндө өтүшүн талап кылышты.

Алар парламенттик шайлоо мөөнөтү 2021-жылга жылдырылгандыгына каршы чыгып, парламенттик кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү талаптарын президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министрге Садыр Жапаровго жөнөтө тургандарын билдиришти.

Количество просмотров: 108